7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Светлана Аширова: Менин бутум сынып, талкаланып атса, оргкомитет мени сотко берген

712

Кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси Светлана (Асланайым) Аширова: Жакында президент Садыр Жапаров өзү биздин циркке келип, анын абалы менен таанышып, ондогон жылдар бою оңдолбогон имаратыбызды калыбына келтирүүгө каражат бөлдүрүп берди. Декабрда мен цирктин көркөм жетекчиси болдум, ага чейин цирктин жаңы директору болуп Рыскул Боромбаев дайындалган. Азыр куруучулар күнү-түнү иштеп, имаратты оңдоп жатат.

Мындан туура 5 жыл мурда, 2019-жылдын 8-мартында, мен Сауд Арабияда кырсыкка учурап, бутумду сындырып алгам. Чакырган тарап, саудиялыктар, алдын ала баарыбыздын медициналык камсыздандыруубуз үчүн каражат бөлүп берген экен, бирок мага операция жасап, дарылоо үчүн акча жок болуп чыкты жана саудиялыктар ага дагы кошумча каражат чыгарды. Бирок, ага карабастан, мен Кыргызстанга кайтып келгенимде, оргкомитет мени сотко берди, мен сотто утуп чыктым, андан соң мен аларды сотко берип, ал сотту дагы уттум…

713