Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыймык Бейшекеевдин 9-сентябрда өтчү концерти атасы көз жумгандыгына байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу ырчынын сахналаштары билдирди.
«Сыймык Бейшекеевдин 9-сентябрдагы концерти токтотулду. Билет алгандар филармониянын кассасына келип, билетин тапшырып акчасын алып кетсе болот. Сыймык Бейшекеевдин атасы Токтогул атабыз кечээ 3-сентябрда 75 жаш курагында дүйнө салды. Атабыз көптөн бери ооруп жүргөн болчу, Сыймык аябай көп аракет кылды, бирок ажалга айла жок экен да. Биз дагы кайрат айтабыз. Бүгүн, 4-сентябрь саат 12:00дө өзүнүн айылында жерге берилет»,- дейт кесиптеши.
7-каналдын жалпы жамааты Сыймык Бейшекеевге терең кайгыруу менен көңүл айтат!