Бүгүн, 4-сентябрда тоолуу аймактарда жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 25…30;
Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-5, күндүз 8…13;
Бишкекте түнкүсүн 15…17, күндүз 33…35 градус болот.