7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыймык Жапыкеев Финполдун жоюлушу боюнча пикирин билдирди

252

Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев аталган кызматты жоюу тууралуу өз пикирин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, Финпол депутаттар менен көптөгөн аткаминерлерге гана тоскоол болуп жатат.

«Эмнегедир баары башкача кетип баратат. Финполду эл колдойт, финпол элге иштейт. Финполду эл колдойт, Финпол элге иштейт. Жумалиев 100 млн. сом жана Инвестордун 800 миң долларын бир күндө өкмөткө коём, балдарымды чыгарып бер дегенинен биз аз андан көбүрөөк болсун деп болбой койсок Первомайский сот чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын төлөгөн жок. Балдары камактан чыгып кетти. Достор, Финпол жеңилип калабызбы? Достор кандай кылалык, оюңарды жазгылачы?», — деген билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, кечээ чыккан айрым маалыматтарда Финпол менен Каттоо кызматы ИИМдин карамагына өткөрүлүп бериле турганы айтылган болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

253