7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө-Ашууда альтернативдүү тоннель курулат

471

Бишкек-Ош жолунда альтернативдүү тоннель куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, депутат Элдар Сулаймановго комитеттин сырттагы жыйындарынын биринде Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелдин эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы тоннель куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдиришкен.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Сосновка-Талас унаа жолуна 11 чакырым альтернативдик тоннель курула турганын билдирген.

«Долбоор даярдалып жатат. Сынакта ким жеңсе, ошол курат. Тоннель азыркыдан 1000 метр төмөн болот», — деп кошумчалады министр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

472