Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаевди жана Бишкек 24 басылмасын сотко берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Кадырбек Атамбаев жана аталган сайт аны негизсиз каралап, ар-намысына шек келтиргени себеп болгонун билдирип, ал 19-декабрда Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.
«Бизди негизсиз каралап, мафиянын заказдарын аткарып тынбай жамандап келе жаткан жаран Бишкек шаарынын кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев менен Бишкек 24 басылмасын сотко берүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылдым. Урматтуу мекендештер сиздерди бул сот жүрүшү менен тааныштырып турабыз. Ошондой эле кимдер ортого түшкөнүн да чогу көрөбүз»,-деген ал.