19-майдан тартып оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, туннелдин электр чубалгыларын алмаштыруу, дубалдарын актоо жана сырдоо иштери жүргүзүлөт.
«Эртең мененки саат 05:00дон 08:00гө чейин, 10:00дөн 12:00гө чейин, 14:00дөн 16:00гө чейин туннель жабык болот. Аталган аймакта жол коопсуздугун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет» — деп берилет маалыматта.