Улуттук маданий борбордун уюштуруусунда Кыргыз ССРнин эл артисти, биринчи хормейстер Султан Юсуповдун 105 жылдыгына карата Студенттик хор коллективдери арасында II республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт.
Аталган сынак Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тапшырмасына ылайык Улуттук маданий борборунун уюштуруусунда өткөрүлөт.
Иш-чарага өлкөбүздүн жети облус, 2 шаарынан 600гө чукул 12 хор коллективи катышат.
Кароо-сынактын тандоо туру 23-май күнү саат 11:00дө Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда өткөрүлөт. Ал эми сыйлоо аземи 24-май күнү саат 18:00дө Тарых музейинин алдында болуп, гала-концерт менен коштолот.
Фестивалга катышкан баардык хор топтору Бишкек шаарынын конокторуна жана тургундарына концерттик программа тартуулашат.
Анда кыргыз жана дүйнөлүк композиторлорунун чыгармаларын аткарышат.
Максаты:
• Президенттин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” №1 Жарлыгын иш жүзүнө ашыруу;
• Катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн хор аткаруусу жөнүндө түшүнүгүн кеңейтүү;
• Хор дирижерлорунун кесиптик баарлашуусу, тажрыйба жана репертуар алмашуу аянтчасын түзүү;
• Чыгармачыл тажрыйба алмашуу жана аткаруучулук чеберчилигин өркүндөтүү ;
• Хор кыймылын кеңейтүү үчүн кароо-сынак фестивалынын катышуучулары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда расмий эмес баарлашуунун атмосферасын түзүү;
• Коомчулуктун хор искусствосуна болгон кызыгуусун арттыруу;
Ошондой эле эл чыгармачылыгын, аткаруучу чеберчиликти, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга багытталган.
Белгилей кетсек, байге фонду 1 миллион сомду түзөт.