7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө-Ашуудагы туннелдин айланасы иретке келтирилүүдө

373

Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин айланасы иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жердин негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө.

Күн мурун министр Абсаттар Сыргабаев иретке келтирүү иштеринен кабар алып, иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын койду.

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин кире беришине унаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда. Күзгө чейин туннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.

374