7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө-Ашуудагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду

449

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу ТжКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

12-13-июнь күндөрү Төө-Ашуудагы тоннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган. Маселе тез арада колго алынып, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан түтүктөр тазаланып, суу кеткен эле.

Бирок, бүгүн кайрадан кечээки абал кайталанып, тиешелүү техникалардын жардамы менен тазалоо иштери жүрдү. Азыркы тапта тоннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду.

Тоннелдин ичиндеги жумуштар аягына чыкса, кийин мындай көйгөй жаралбайт.

Белгилей кетсек, тоннелдин ичин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып жатканын дагы бир ирет айдоочулардын эсине салабыз.

Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

450