7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө ашуудагы жол тыгыны жөнгө салынууда

420
Саат 08:30га карата Төө ашуудагы жол тыгыны жөнгө салынып, жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жатат.
Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, «Арал» жана «Сосновка» өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Ошондой эле куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып берип жатышат.
Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.
№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

421