7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндө көпүрөдөн кулап кеткен жаран башынан жаракат алды

687

Бүгүн түнү Бишкек шаарынын А.Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран көпүрөдөн каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу күбөлөр куткаруу кызматына кабарлашкан.

Маалым болгондой, окуя болгон жерге куткаруу кызматынын ыкчам тобу тартылып, жаракат алган жаранды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каналга түшүп кеткен жаран башынан жаракат алган.

«Жабырлануучу азиат улутундагы 40-45 жаштарда, өздүгү тактала элек. Куткаруу иштерине 5 адамдан турган куткаруучулар тобу тартылды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688