Бир суткада 305 жаңы учур катталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15 — апрелине карата республика боюнча COVID-19дун – 305 учуру катталып, анын 259у -COVID-19 U07, калган 46сы — COVID-19 U07.2.
Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 91 миң 144 учуру катталды.
Бир сутка ичинде жалпысынан 178 бейтап айыкты.
Жалпы айыккандардын саны 86 миң 491 адам.
Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон 6 учур катталды. Бишкек- 4, Чүй -2.
Жалпысынан каза болгондордун саны – 1540 адам, анын ичинде: COVID-19 U07.1 – 491 учур, COVID-19 U07.2 – 1049 учур.