7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндүк — Түштүк жолунун курулушу качан бүтөт ?

3224

Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушун иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия учурдагы абал менен таанышып келди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссиянын мүчөлөрү адегенде Жалал-Абаддан Көк-Арт ашуусуна чейинки жолдун жана туннелдин курулуш иштерин көрүшкөн.

«Жалал-Абад шаарынан Көк-Арт ашуусуна чейинки жол дээрлик курулуп бүтүп калган. Асфальт төшөлүп, тиешелүү жерлерине көпүрөлөр курулуп, жол белгилери коюлган. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Кайынбаевдин айтканына караганда, туннелдин эки тарабына долбоордон тышкары үч асма көпүрө, эки галерея куруу зарылдыгы келип чыккан. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, анын болжолдуу наркы 21 миллион доллар турат», — деп айтылат маалыматта.

Көк-Арттагы туннель план боюнча 2018-жылы эле курулуп бүтмөк. Кечиккенинин бир себеби — пандемия, экинчиден, туннелге чейин мурда жолдун болбогондугу, үчүнчүдөн, тоо-тектеринин борпоңдугу болууда деп түшүндүргөн.

«Комиссия Тогуз-Тородогу асма көпүрөлөрдүн курулушу менен таанышты. Узундугу 300 метрлик көпүрө бүтүп, жээктери бекемделип жатат. Туннелге караганда асма көпүрө куруу арзанга туруп, 7 миллион доллар үнөмдөлгөн. Экинчи асма көпүрөнүн узундугу 1076 метр. Аны да ноябрь айларына чейин пайдаланууга берүү аракети көрүлүүдө. Эгер аталган көпүрөлөр бүтсө тогуз-торолуктар жаңы жол менен каттап, мурда 10-12 сааттан жол жүрсө, кийин 5-6 саатта Бишкекке жетип калышат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, туннелдин узундугу 3800 метр, учурда анын 2800 метри казылып бүткөн. Толугу менен бүткөрүүгө дагы бир жылдан ашык убакыт талап кылынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3225