- — тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
- — Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
- — Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустөмбеков;
- — транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
- — өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
- — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
- — Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
- — Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
- — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.
Кечээ, 28-июнда Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасынын борбору – Душанбе шаарына барды.
Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулашат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы: