Түндө Оштун Кара-Суу районундагы «Каратай» автоунаа токтотуучу жайында үч фура жүгү менен күйүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык тууралуу кабар саат 00:33тө түшкөн. Эки бригада барып, өрттү таңкы 05:10до толук өчүргөн.
Интернет колдонуучулар автоунаалар Кытайдан товар жүктөп келип, документтери даяр болгончо токтоп турганын жазып жатышат. Ал жерде өрт коопсуздугу сакталбагандыгын белгилешкен.



