7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түнкү 3тө Өзгөн шаарынан 3 адамды атып кетти

1644

18-марттан 19-мартка каранан түнү, саат 03:35тер чамасында белгисиз адамдар 3 жаранды курал менен атып, изин суутуп качып кеткен. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет. Кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

«Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө 2021-жылдын 18-мартынан 19-мартына кар аган түнү саат 03:35 от чамасында Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан эки атуул ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү 9- пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып тергөө иштери башталды.

Алынган маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу жана РИИБдин жетекчилиги Өзгөн райондук аймактык ооруканасына барган учурда 2021-жылдын 18-мартынан 19-мартына караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн  түштүк тарабындагы асфальт жолдо Өзгөн шаарынын С. Негматов көчөсүнүн  тургуну 31 жаштагы  М. Ш,  өзүнө таандык болгон  “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү женил автоунаасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн  тургуну 21 жаштагы К, С  жана ошол эле көчөнүн  тургуну, 31 А. А  менен биргеликте Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө батыштан чыгышты карай жолдун түндүк тарабында токтоп турган жеринде, белгисиз автоунаа батыштан-чыгышты көздөй жанына келип токтоп, белгисиз атуул тарабынан автоунаанын айдоочусунун орундугунда олтурган  Ш. М жана алдынкы жүргүнчү орундугунда олтурган А.Ага жана арткы жүргүнчү орундукта олтурган С.Кга карата белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен ок атып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча курамында Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин тажырыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам- тергөө тобу түзүлүп тийиштүү иш алынып барылууда. Тийиштүү экспертизалар дайындалды»- деп жазылган Ош ОИИБнин маалыматында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1645