Японияда жумуштан эки мүнөт эрте кеткен мамлекеттик кызматкерлер жазаланды, деп билдирет чет элдик басылмалар.
Анткени алар шашылыш автобуска жөнөшкөн.
Билим берүү башкармалыгы жети чиновниктин 17:17каттаган автобуска жетишип калуу үчүн 17:13тө кеткенин кабарлады. Ал таблицаларда алар 17:15те чыккан деп көрсөтүлгөн. Кийинки автобус жарым саатта келе турган болгондуктан, алар 2 мүнөт эрте чыгууга ашыккан.
Мамлекеттик кызматкерлерге сөгүш жарыяланган.
Графикке туура эмес убакыт киргизген кызматкер үч айга кыскартылган эмгек акы алат. Жалпы айып пул 137 миң иенди (91,5 миң рубль) түзөт деп айтылат маалыматта.