7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдан Кыргызстанга 150 миң доза вакцина келет

655

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова маалымат жыйында билдиргенине караганда, Кыргызстанга Кытайдан “Sinopharm” вакцинасынын 150 миң дозасы келет.

“Биз калкыбыздын 70 пайызын эмдешибиз керек деп жатабыз. Буга чейин Ковакс программасына киргенбиз. Анын алкагында Кыргызстанга “AstraZeneca” вакцинанын 1 млн 300 дозасы апрелдин башында келмек. Бирок март айында Данияда аталган вакцина тромбозго алып келген. Мындан улам эмнеге мындай жыйынтыкка алып келгендиги тууралуу чечимди күтүп жатабыз. Ошондой эле Россиянын “Спутник V” вакцинасынын 5 миң дозасын жардам катары берилери айтылган”, – деп билдирди Гүлнара Ишенапысова.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656