7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокурор кандай учурда кайрылууларды карабай турганын айтты

1232

Башкы прокуратуранын расмий сайтында калк менен байланышты жакшыртуу максатында онлайн-кабылдама ишке кирген.

Кыргызстандын жарандары баардык жерден башкы прокуратурага өз кайрылуу, арыздарын жөнөтсө болот. Бирок, арыздануу, даттануу же сунуштан башка катар каралбайт.

Кайрылуулар «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык тѳмѳнкү учурларда кароого кабыл алынбайт:
• адепсиз жана кемсинтүүчү, мазактоочу сѳздѳр камтылса;
• текст латиницаны колдонуу менен жазылса же бардык сѳздѳр баш тамга менен жазылса, сүйлѳмдѳргѳ ажыратылбаса;
• почтасынын дареги толук жана так кѳрсѳтүлбөсѳ;
• кайрылуу арыздануу, даттануу, сунуштоо иретинде жазылбаса;
• андан тышкары, мамлекеттик бийликте тѳңкѳрүш жасоого, улуттар аралык жана конфессиялар аралык жаңжалга үгүттѳѳлѳрдү камтыса.
Электрондук түрдѳ жѳнѳтүлгѳн кайрылуулардын авторлорунун жекече маалыматтары мыйзамдын талабына ылайык жүзөгө ашырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1233