7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен-Согди облусунун башчылары кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту

916

2021-жылдын 17-18-мартында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев менен Тажик Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстандын Гулистон шаарында жолугушту.

Жетекчилер, чек аралаш аймакта акыркы орун алган окуяларды, эки тараптан тең, чек араны мыйзамсыз басып өтүү боюнча кармалган жарандардын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен нормативдик-укуктук документтерди аткарууга алуу жагын белгилешти.

Бул жолугушууда Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө менен, чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.

Жыйынтыгында тараптар, облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту. Анда:

-Буга чейинки Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан бекитилген макулдашуулар, келишимдер жана протоколдорду аткарууга алууну тийиштүү органдарга тапшыруу,
-Баткен, Лейлек райондору менен Тажикстандын Исфара, Бабоджон Гафуров райондорунун башчылары, чектеш айыл аймак башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, чек аралаш аймакта чыр чатактардын алдын алуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,
-Укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону активдештирүү,
-Чек аралаш аймакта орун алган маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ түзүү,
-Терроризм, экстримизм менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу, эл арасында аткезчиликке (контрабанда) бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,
-Чек аралаш аймактагы соода жүргүзүүнү жөнгө салуу,
-Суу ресурстарын пайдаланууда буга чейинки документтердин алкагында кызматташууну активдештирүү,
-Жайыт жерлерин пайдалануу боюнча макулдашууларды кароо,
-Чек аралаш аймактын жашоочуларынын ортосунда массалык-маданий, спорттук иш чараларды уюштуруу жагы белгиленди.
Эки тарап мындан ары облустар аралык кызматташууну жандантуу, жаралган көйгөйлөрдү бир тууган, кошуна эл катары, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ишеним артаарын билдиришти.
Облус башчылары пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы, жергиликтүү элди турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерде бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылгандыгын, мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча бир пикирге келишти. Анткени пандемия шартында жашоого, кызматташууга үйрөнүү, учур талабы дейт жетекчилер. Мындан улам Лейлек районундагы “Кулунду”, “Кайрагач”, Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү макулдашылды.
Ошол эле учурда чек аралаш аймакта аткезчилик (контрабанда)аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынаары, мыйзамсыз иш аракеттерге катуу чаралар көрүлөөрү айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

917