7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таанышынан коркконунан өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Иликтөө иши

4616

Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынын ортосунда ички иштер органдарына арыз келип түшүп, анда мурда бир нече жолу соттолгон адам аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан.

Арызында чала тааныш адам аялдын ишенимине кирип, анын баасы 5000 АКШ доллары турган “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасын сатууга көндүрүп, акча каражатын карызга алган.
Андан соң, башында эле карызга алган акча каражатын кайтарып берүүнүн ордуна аны ар дайым аңдып, өлтүрөм деп коркутуп, стресстик абалга жеткирген. Анын кесепетинен аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган.

Бул факты КЖБРге катталып, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматы дагы тартылган.

Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдын өздүгү такталып кармалды. Кармалган жаран мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1983-жылы туулган М.К. болот. Алынган маалымат боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.Иликтөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4617