7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түнкү клубдардын иштөө саатын кыскартуу сунушталды

226
Клубдар түнкү саат бирге чейин гана иштеши керек. Түнкү убакыт эс алуу жана жаңы күнгө даярдануу үчүн берилген убакыт. Мындай пикирин ишкер Аскар Салымбеков соцтармактагындагы баракчасында билдирди.

«Үйүм ботаникалык бактын жанында жайгашкан. Ар күнү бир эле көрүнүш кайталанат: ондогон жаш кыз-жигиттер түнкү клубдан таң атканда араң, мас абалда көчөгө чыгышат. Аймакка жакын жашагандар мас абалындагы адамдардын урушу, ызы-чуу, мушташ, тез жардам же милиция чакырылган окуялардын күбөсү болушат. Бул өтө тынчсыздандырарлык көрүнүш. Коомубузда адеп-ахлактык баалуулуктардын төмөндөшү — өтө оор маселе. Бишкекте канча түнкү клуб бар экенин так билбейм, бирок мындай көрүнүш дээрлик бардык жерде орун алат. Бул — өтө жагымсыз көрүнүш.

Бул көйгөй чынында эле олуттуу болуп калды. Ошондуктан мен укук коргоо органдарына, эл өкүлдөрүнө жана Бишкек шаарынын мэриясына расмий кайрылып, ресторандар менен клубдардын иш убактысын түнкү 12ге же 1ге чейин чектөөнү жана катуу көзөмөлгө алууну сунуштайм» — деп жазган ал.

227