Ысык-Көлдүн Түп районунда жол кырсыгынан 5 жаран жаракат алышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ауди С4 менен Mitsubishi Carisma үлгүлөрүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы И.у К. жана К.Ж., 23 жаштагы Б.у А., 30 жаштагы Ө.у Д., 37 жаштагы А.А. аттуу эркек кишилер ар кандай жаракат алышкан.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.