Ошто саясий жолугушууга студенттерди алып барган окуянын арты менен ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынып, Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетовго менен Билим берүү министри Болотбек Купешевге сөгүш жарыяланды. Ошондой эле үгүткө катышкан студенттер окуган ОшМУнун педагогика факултьтенинин деканы эана катышы бар 3 мугалим кызматтан четтетилди.
Тиешелүү буйрукка кечээ, 9-ноябрь Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул чечим, 28-ноябрга белгиленген Парламенттик шайлоону таза өткөрүү талаптарынын негизинде кабыл алынган.
Деген менен, ОшМУнун жамааты жана коомчулук ректордун иштен алынышын «аша чапкандык» -деп баалашууда. Маалыматка ылайык ректор шайлоо боюнча жыйын өткөрүп, мугалимдер жамаатына тапшырмаларды берген. Ал расмий сайтка да жарыяланган.
3000ден ашуун мугалим иштеген жамаатта ректор ар бирин карап олтура албайт, түздөн-түз тиешеси болбогон соң эскертүү берсе деле жетиштүү болмок дегендер арбын.
Эске салсак, Ош Мамлекеттик Университетинде 33 000ден ашуун студент, 3000ден ашуун окутуучу жамаат бар.