Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Аны менен катар Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан четтететилди.
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетовго сөгүш жарыяланды. Буга себеп болгондугун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасап, бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилердин үгүт иш-чараларына катышуусунун кереги жоктугун баса белгиледи.