7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрөбаев «Бишкекнаабайкана» ишканасынын абалы менен таанышты

649

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев учурда иштебей турган «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабаралашты.

Маалыматка караганда, ишкана коронавирустук инфекция пандемиясы учурунда өндүрүштү токтотууга аргасыз болгон жана өндүрүш процессин калыбына келтирүүгө каражаттын жоктугунан токтоп турат.

Бакыт Төрөбаев наабайкананы ишке киргизүү маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

“Президент өлкө боюнча токтоп турган ишканаларды калыбына келтирүү жана ишке киргизүү милдетин койду. Гранттык каражаттардын эсебинен курулган «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жакшы жана социалдык багыты бар. Ишкананы муниципалитеттин каражатынын эсебинен, же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке киргизүү зарыл”, — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650