7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов: Энелер бир үйдүн гана куту эмес, жалпы улуттун таалайына жаралган табериксиздер

959

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Энелер күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Эне — үйдүн куту, очок ээси. Тогуз ай омурткасы сыздап, наристени аман-эсен жарыкчылыкка алып келип эле тим болбой, өмүр бою жүрөгүндө көтөрөт. Аруу тилегин, жылуу мээримин арнап, өзгөдөн эле эмес, өзүнөн да аяган дүнүйөсүн баласына тартуулайт. Мындай кеңдик, мындай берилгендик энеге гана таандык. Анткени эне — боорукерликтин, сабырдуулуктун, кайратмандыктан жана жаратмандыктын символу. Айрыкча, эне бардык жакшылыктын башаты катары саналып, бейиш анын таманынын алдында деп бекеринен айтылбайт.

Кымбаттуу мекендештер!

Кыргыз эли ак өргөөсүнүн оң капшытын аялзатына ыйгарып, эзелтен бешик көтөргөн энеге көч баштаткан. Апалар бир үйдүн гана түйшүгүн көтөрбөй, бүткүл элдин эртеңи үчүн күрөшүп, жаркын келечекке кам көрүшкөн. Буга Каныкей, Курманжан, Уркуя, Зууракан жана Керимбүбү өңдүү кыргыздын кыраан энелерин мисал кылсак болот. Азыр да уучубуз куру эмес, улуттун сыймыгына айланган кыздарыбыз арбын.

«Бактылуу эне — бактылуу бала» — дегендей, апаларыбызды жана жалпы аялзатын аздектеп, аларга урмат көрсөтүүнү адатка айланталы! Ошондо биз үй-бүлөбүздүн бекемдигин, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, келечегибиздин кеңдигин камсыздай алабыз. Эненин ак сүтүн актоо ар бирибиздин ыйык парзыбыз!

Урматтуу апалар!

Сиздер бир үйдүн гана куту эмес, жалпы улуттун таалайына жаралган табериксиздер! Андыктан, уул-кыздардын урматын көрүп, төрүбүздө аман жүрүңүздөр! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм!»,- деди төрага.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

960