Жайыл районунда жаранга бычак саюуга шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2-майда Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу кабарланган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, ал адамдын өздүгүн тактап, 1994-жылы туулган Ш.Д. экени аныкталган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган П.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка эркектердин ортосундагы чыр-чатак себеп болгон.
Азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.