7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев баштаган депутаттар Кореяга жөнөп кетти

603

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен да баарлашып, Кореядагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен да таанышат.

Алсак, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

604