7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев: «Мигранттарыбыз да өз мекенине кайтчу күн алыс эмес»

549

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда кыргызстандыктардын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланып, миграция жаатындагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү.

Суроо-жооп иретинде өткөн баарлашууда каттоого туруу, төрөлгөн балдарга документ алуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүү, ар кандай себептер менен абакка түшүп калгандарды мекенине экстрадициялоо, каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү жана айрым маркумдарды Россияда жерге берүү үчүн атайын жай бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу маселелери айтылды.  

Муну менен катар эмгек мигранттарынын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы өтө чоң экенин белгилеген төрага: “Акыркы жылдары мамлекетибизде маанилүү реформалар жүрүп, өнүгүүгө багытталган олуттуу кадамдар жасалды. Маяналар көтөрүлүп, калктын социалдык турмушун жакшыртуу жаатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Буйруса, көптөгөн жумушчу орундары түзүлүп, эмгек мигранттарыбыз да өз мекенине кайтчу күн алыс эмес”, – деди.

Андан тышкары, Кореянын Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешине депутат болуп шайланган Айсулуу Аширалиеваны мисал кылып: “Россия жергесинде да эмгеги менен эл ишенимине ээ болгон улан-кыздарыбыз арбын чыксын”,– деген тилегин билдирди. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

550