7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев министрлер кабинетин дары-дармектердин кымбатташына жол бербөөгө чакырды

593

Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезектеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев өлкөдөгү оор санитардык-эпидемиологиялык абалга көңүл бурду.

Шакиев вирустук инфекциялардын кескин көбөйүшүнө токтолуп, министрлер кабинетин, Саламаттыкты сактоо министрлигин жана башка жооптуу мамлекеттик органдарды дары-дармек рыногун көзөмөлгө алып, жарандардын дарыларга болгон муктаждыгын толук канааттандырууга чакырды.

«Өлкөбүздө бүгүнкү күндө көптөгөн оорулар күч алууда, сасык тумоонун бир нече түрү жүрүп жатат. Элдин саламаттыгын камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Саламаттыкты сактоо министрлиги, Министрлер кабинети, аптека түйүндөрүндөгү баа маселелерин көзөмөлдөгүлө. Даарылардын баалары кымбат болуп, жетишсиздиги да курч болуп жатат. Эч бир спекуляцияга жол бербей, элдин ден соолугун көңүл борборуна алып, ушул маселелерди катуу көзөмөлдөп тургула», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594