7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

504

Президент Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамы келип түштү.

Мыйзамдын максаты 2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Бул макулдашууга ылайык жогоруда аталган академиянын бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Академия түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана програмаларды колдоого алып жана каржылайт.

Түрк маданияты жана мурастарын калыбына келтирүү жана илгерилетүү, коргоо жана калыбына келтирүү максатындагы илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

505