Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында Афганистандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты.
Маалыматка ылайык, аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңги заттар жана бардык түрлөрүнө каршы каршы күрөшүү жаатында пикир алмашуу болду.
Ошондой эле жыйынга Индия, Иран, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери жана Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Авганистандагы кырдаалдын контекстинде мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.
Белгилей кетсек, авган маселеси мындай форматта биринчи жолу талкууланды.