Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери 24 жаштагы баткендик тургунду кармап кетишкен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сада жерлигинин тушунда Тажик Республикасынын аймагында Тажик Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Кыргызстандын 1997-жылы туулган Айдарбек Хайдаров аттуу жараны кармап кетишкен.
Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда А.Хайдаров аттуу жаранга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып коюшууда. Ал Тажик Республикасынын аймагында азыркы учурда атасы жашап жаткан Пахтакор калктуу конушунда кармалган.
Бул жаранды кайтарып алуу боюнча эки жолу Кыргызстан менен Тажикистандын чек ара өкүлдөрүнүн жана ошондой эле эки Өлкөнүн Баткен жана Согдий облустарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуу болгон.
Аталган жаранды кайтарып алуу боюнча иш-аракеттер КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат жана аны кайтарып алуу боюнча баардык аракеттер көрүлүүдө.