Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү мектеп окуучулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча спартакиадасы өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, волейбол боюнча мектептер арасында 20 командадан 8 мектептин оюнчулары шаардык этапка жолдомо алышып, спорттун волейбол түрү боюнча мелдешке тандалып алынган 8 команда ат салышкан.
Оюн соңунда кыздардан куралган команда 1-орунга №13 Р.Азимов атындагы орто мектеби, 2-орунга №10 Т.Кошматов атындагы гимназия мектеби, 3-орунду №4 мектеп-гимназиясы жана №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын кыздар командасы ээлешти.
Ал эми балдар командасынан 1-орунга №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын, 2-орунга Т.Кошматов атындагы мектеп-гимназиясы 3-орунга №9 Р.Санатбаев атындагы мектеп-гимназиясы ээлешти.
Белгилей кетсек, шаардык мэрия спартакиада үчүн 15 миң сом акча каражатын бөлгөн. Жеңүүчүлөр кубок, ардак грамота жана балуу белектер менен сыйланышты.