7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия мыкты гольф тажрыйбасын өздөштүрүүгө идеалдуу жер

424

Түркия мыкты гольф тажрыйбасын өздөштүрүүгө идеалдуу жер.

Ар бир адамды кызыктыруучу өзгөчөлүгү бар жерлердин бири болгон Түркия саякатчыларга кереметтүү жаратылышты, укмуштуудай пляждарды, байыркы шаарлардын ачык асман алдындагы музейлерин жана ар түрдүү аймактык ашканаларды жана иш-чараларды сунуштайт. Мындан тышкары, бул өлкөдө глобалдык атактуу архитекторлор тарабынан иштелип чыккан жашыл гольф талаалары орун алган. Анда эмесе Түркияда гольф оюндары качан башталып, кантип өнүккөн алдыда чакан маалымат берип өтөлү…

Түркияда гольф оюну 19-кылымда башталган.

Тагыраагы, 1895-жылы Стамбул гольф клубу негизделип, ал Түркиянын атактуу Анталия, Мугла, Измир, Анкара, Самсун жана Айдын шаарларындагы белгилүү гольф клубдарынын түзүлүшүнө жол ачкан. Алардын ичинен жагымдуу климаты жана кооз жаратылышы менен Анталиянын Белек аймагы артыкчылыктуу мейманкана кызматтары менен гольф аянтчаларынын теңдешсиз айкалышын сунуштаган өзгөчөлүккө ээ. Аталган аймакта маанилүү спорт туризминин дестинациясына айлануусуна салым кошкон гольф мейманканалары бүгүнкү күндө ышкыбоздор менен профессионал гольф оюнчуларынын жолугушуу жери катары кызмат кылууда. Мындай популярдуулукка жетишүүсүнө Белек аймагы Эл аралык Гольф Тур операторлорунун Ассоциациясынын (IAGTO) 2008-жылы «Европадагы жылдын мыкты гольф жери» сыйлыгына ээ болгону да себеп болгон. Спорт сүйүүчүлөрү бул аймакта кайсыл мезгил болбосун гольф ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

Белек гольф турнирлерин өткөрүү үчүн популярдуу жер.

Түркиядан жана дүйнөнүн төрт бурчунан келген коноктор аталган аймакка чогулуп, гольф ойноп, улуттук жана эл аралык турнирлерди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 2012-жылы Golf Magazine жана The Golfer’s Journal тарабынан эң көп окулган гольф басылмалары тарабынан “Эң мыкты гольф жери” катары тандалган Белек, жыл бою Тайгер Вудс, Чарл Шварцель, Хантер Махан, Жастин сыяктуу атактуу гольф оюнчуларынын катышуусунда көптөгөн турнирлерди өткөрөт. Европанын эң таланттуу жаш гольф оюнчуларын чогулткан «Turkish Airlines Challenge»; жана PGA Европа Тур сериясындагы сегиз турнирдин бири болгон «Түрк аба жолдорунун ачык гольф турнирлери» эң белгилүүлөрү десек болот.

Андыктан Түркия, гольф сүйүүчүлөрүн кайсыл убакыт болбосун жагымдуу күтүп алууга жана жаңы тажрыйба үйрөтүүгө ар дайым даяр!!!

425