7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каза болгон карылардын мүлкүнө документтерди жасап жүргөн нотариус кармалды

562

Жеке нотариус менен анын жардамчысы каза болгондордун кыймылсыз мүлкү боюнча документтерди бурмалагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жер ресурстары кызматынын (мурдагы “Кадастр”) кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, каза болгон жалгыз бой карыялардын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды чогултушкан.

Алардын тууган-туушканы менен мураскерлеринин жоктугун аныкташкан. Андан кийин мүлктү сатуу үчүн жеке нотариус менен Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте документтерди жасалмалашкан.

Кыймылсыз мүлк сатылган соң акча кылмыштуу схемага тиешеси бар адамдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, жеке нотариус К.А.Т. жана анын жардамчысы Дж.Р.Дж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар делген мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, анын ичинде Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматындагыларды аныктоо иштери жүрүүдө.

563