7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алгачкы жолу түрк мамлекеттеринин эл аралык пианино конкурсу өтөт

191

Балыкесирде биринчи жолу түрк мамлекеттеринин эл аралык пианино конкурсу жана Балыкесир Zihnilatif пианино фестивалы өтөт. Катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 1-сентябрынан башталган.

Фестиваль Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө. Уюштуруучусу Zihnilatif ассоциациясы. Ошондой эле фестивалдын уюштурулушуна Балыкесир шаардык мэриясы, Балыкесир университети, Балыкесир шаардык кеңеши жана ошондой эле «Do-Re Müzik» компаниясы чоң салым кошту.

Zihnilatif Ассоциациясы көрүнүктүү жана таланттуу балдарды колдоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Көптөгөн иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып келет.

Курамына Андрей Писарев, Герберт Шух, Мурат Адыгузелзаде, Гүлнара Азиз, Башар Джан Кыврак, Джем Бабажан кирген теңдешсиз калыстар тобу бир гана концерт бербестен, жергиликтүү жаш музыканттар үчүн көптөгөн мастер-класстарды өткөрүшөт. Фестивалдын ачылыш жана жабылыш аземдери Тарык Тал жана Артур Хойниктин жетекчилиги астында Балыкесир шаарынын маданий оркестри тарабынан өткөрүлөт.

Түрк мамлекеттеринин жаш пианисттеринен көптөгөн арыздар күтүлүүдө. Фестиваль 2023-жылдын 11-декабрынан 14-декабрына чейин Балыкесирдеги AVLU маданий борборунда өткөрүлмөкчү. Фестивалдын максаты – жаш түрк пианисттери эл аралык сынакта өз күчүн сынап көрүү. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча концерттик залдарда өз тажрыйбасын бекемдөө.

Конкурс жана катышуунун шарттары тууралуу толук маалыматты төмөнкү сайттан алсаңыздар болот: https://zihnilatifpiyanofestivali.com/

192