7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Каза болгондор бар

745

Түркия жана Сирияда очогунда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, Кахраманмараш провинциясынын Пазарджик аймагында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 7 км тереңдикте болгон. Жер титирөө бир катар аймактарда – Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилди. Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, бир нече жолу кайталанган. Түркия жана Сириянын бир катар шаарларында имараттар кыйраган.

«34 имарат ураган Осман провинциясында кеминде 5 адам каза болгон. Шанлыурфа провинциясында 16 үйдөн ашуун, Диярбакыр провинциясында сегиз кабаттуу имарат, Адана шаарында 17 кабаттуу үй ураган»,- деп берилет маалыматта.

Сирияда дагы курмандыктары менен көп кабаттуу үйлөр ураганы кабарланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746