7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды

353

Кечээ, 26- ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ал  Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын100 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

«Маданият күндөрү Анкара Чоң театрынын фойесинде  Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли  улуттук ыр-күүлөрдү ойноп,  ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер,  чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана  кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү.

Адан соң, маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып,  театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды» — деп айтылат маалыматта.

Маданият күндөрүн расмий маданият министринин биринчи орун басары Тимуржан Ажымалиев ачты.

Ачылыш салтанатта Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан менен Түркиянын маданий мамилелери динамикалуу жана позитивдик нукта өнүгүп жаткандыгын белгилеп, бул мамилелердин жандануусуна президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Түркияга болгон иш сапарында жетишилген макулдашуулар экендигин баса белгидеди.

Ошондой эле ал, тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары түрк дүйнөсүнүн биримдигинин маанилүү компоненти болуп калаарын, ага мисал катары акын-жазуучулардын жана агартуучулардын иш-аракеттери өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи

Мындан сырткары, 2017, 2019, 2022-жылдары Стамбул, Анкара, Анталия шаарларында Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери жана бюсттары орнотулуп, сквер жана сейил бактарга анын ысымы ыйгарылгандыгы, чыгармалары түрк тилине которулгандыгы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине жана чыгармачылыгына Түрк эли чоң урмат-сый менен мамиле кыларын сезет деп билдирди. Аны менен катар, Бишкек шаарынын борборунда Ата Түрк сейил багы, Анкара көчөлөрү жайгашканы айтылган бекем мамилелердин үлгүсү катары белгиленип, 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса провинциясынын Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде өтүшү эки өлкөнүн маданий алакасын жогорку деңгээлге алып чыкканын баса белгиледи.

Андан соң, маданият күндөрүнүн концерттик бөлүгү орун алып, кыргыздын бай маданияты жана искусствонун мыкты үлгүлөрү тартууланды.

Анкара Чоң театры өзгөчө шаңга бөлөнүп, концерт жандуу өтүп, көрүүүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

354