7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фостердик үй-бүлөлөргө 186 бала берилген

459

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Аламедин районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерди. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Гүлнара Баатырова  оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жайгаштырылган үй-бүлөгө барды.

«Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Алардын билим алуусуна мамлекет жашоо минимумунун бир жарым  өлчөмүндө каражат бөлөт.

Фостер институту 2014-жылы  10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган. Бүгүнкү күндө республикада 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 млн сом бөлүндү», — деди ал.

Министр балдардын жашоо шарты менен таанышып, балдар жана ата-энелер менен баарлашты.

460