7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 500дөн ашты

529

Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чек арага жакын жерде катуу жер титирөө болду. Акыркы маалыматтар боюнча, 284 адам каза болуп, эки миңден ашууну жаракат алган. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдирди.

«1700дөн ашык үй талкаланган. Урандылардын астынан куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тирүү калгандарды издеп жатышат. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Натыйжада каза болгондордун саны 500дөн ашты»,- деп берилет маалыматта.

Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында 237 адам каза болуп, 639у жарадар болгон.

Ал эми, Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын айтымында, 284 киши каза болуп, дагы 2383 киши жарадар болгон.

«Кахраманмараш провинциясында 300дөй имарат талкаланган. Жарадарлардын көбү Шанлыурфа провинциясында – 600гө жакын. Кахраманмараш провинциясында бүгүн эртең менен күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ар башка шаарларда жүздөгөн имараттар урап, Хатай провинциясында газ түтүкчөсүндө жарылуу болду. Өлкөдө коопсуздуктун эң жогорку деңгээли жарыяланды»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

530