7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы шайлоо: Эрдоган менен Кылычдароглу экинчи турда ат салышмай болду

449

Түркияда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгында бир дагы талапкер добуштардын 50 пайызын ала албагандыктан саясий өнөктүктүн экинчи туру 28-майда өтөт. Бул тууралуу TRT Haber агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Бюллетендердин 100 пайызын саноодон кийин Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,24 пайызын, ал эми анын атаандашы Кылычдароглу 45 пайызын алган.

Жогорку шайлоо кеңеши миллиондон ашык бюллетенди жараксыз деген чечим чыгарганы да кабарланды.

Эске салсак, Түркияда кечээ, 14-майда, президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Анда Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп «Элдик альянстан» Кемаль Кылычдароглу чыккан. Андан сырткары, үчүнчү талапкер Ata альянсынан Синан Оган болгон. Ал эми төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

450