Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң кымбат балмуздактын бир порциясы (130 грамм) 6 700 долларга бааланууда. Аны Япон ашпозчулары ойлоп тапкан. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыкты.
Аталган шириндиктин курамында сүт, сырдын эки түрү, жумуртканын сарысы менен пияз бар жана ошондой эле үстү пармезан сыры, ак трюфель, трюфель майы жана эң башкысы жука алтын менен жалатылган. Аны ооз тийип көргөндөрдүн айтымында, десерт өзгөчө даамга ээ. Тактап айтканда билинер-билинбес таттуулугу жана жылмакай текстурасы менен айрымаланат.
Балмуздактын ойлоп табуучулары аны жээрден мурун алдын ала эритип алууну жана үстүнөн трюфель майын куюууну сунушташат.
Бүгүнкү күндө Byakuya деген аталыш менен таанылган бул балмуздак дүйнөдөгү эң кымбат шириндик катары Гиннесстин рекорддор китебине катталды.