Бүгүн, 15-майда Бишкекте 19 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Милицияга аял киши кайрылып, анын кызы көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып жатканын айткан.
Ыкчам кызматкерлер берилген сүрөттүн негизинде кыздын дарегин таап, жерине барышкан. Милиционерлер кызды куткарып калышкан.
Аталган факты каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.