7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы зилзаладан каза болгондордун саны 41 миңге жакындады

491

19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча cаат 18:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 21:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 40 689 адамга жетип, 108 068 адам жарадар болду.

Түрк тараптын маалыматына ылайык, Кахраманмараш менен Хатайдан башка бардык шаарларда издөө-куткаруу иштери аяктады.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу топтору Түркия Республикасындагы куткаруу иштерин бүтүрүүгө даярданууда. Жалпысынан издөө иштеринин жүрүшүндө урандылардын астынан 8 тирүү адам жана 100дөн ашуун каза болгондордун сөөгү чыгарылды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кахраманмараш шаарына орнотулнан көчмө ооруканасы, түрк тарапка өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандан келген куткаруучулардын кызматынын аякташы жана мекенине жөнөтүлүшү боюнча чечим Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) Анкарадагы борбордук кеңсеси менен бирге, бүгүн 20-февралды кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Түркияга болгон боордоштук жардамы, анын ичинде жабыркагандар үчүн боз үй шаарчасын түзүү, дары-дармектер, ошондой эле Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ийгиликтүү издөө-куткаруу иштери, түрк коомчулугу тарабынан жылуу кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Башкы консулдуктары жабыркаган аймактардагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жана дарыгерлерге көмөк көрсөтүү боюнча ишин күнү-түнү ыкчам түрдө улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

492