Кечээ, 12-октябрь Түркиянын Текардаг шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөң Кыргызстандык жаш келиндин жансыз денеси таштанды урнасынан табылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Полиция ошол эле күнү,маркумдун өлүмүнө шектүү катары 65 жаштагы кайын атасын кармаган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында маркум келин кыргызстандык 31 жаштагы А.Аят болуп чыкты. Ал Түркиянын жаранына турмушка чыгып, 2 балалуу болгон.
Окуя катталган күнү жолдошу үйүндө жок болгон, 65 жаштагы кайын атасы Фехми менен чырдаша кетип, анын колунан каза тапкан.
Полиция, шектүү маркумду бычактап өлтүрүп, денесин бөлүк-бөлүтөргө бөлүп, жарымын таштанды таштоочу урнага ыргытып, жарымын унаанын багажында сактаганын билдирген.
Ошол учурда маркум келиндин кайын энеси үйүнө барып, кошуналарын жардамга чакырган. Кошуналары полиция кызматкерлерине кайрылган.