Өзбекстанда 14 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндердин 68% эч качан интернет колдонгон эмес. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарды коргоо фонду атайын жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин ушундай тыянак чыгарган.
Маалыматка ылайык, компьютердик сабаты ачылбагандардын 43,5% кыздар болсо, эркек балдар 30% түзөт. UNICEF бул көрсөткүчтөн улам өлкө жаштарынын эмгек рыногундагы дарамети төмөндөп кетерин маалымдады.
«Кыз-келиндердин санариптик сабаты жоюлушу керек, гендердик кысымдан узак жашап, өз мүмкүнчүлүктөрүн ачышы зарыл», — деп айтылган UNICEF уюму тараткан маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ 11-октябрда кыздар күнү белгиленди.