Гамбург шаарында автоматташтырылган айдоочусуз поезд ишке кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча айдоочусуз бир рельстүү транспорттор жана Париждеги метро поезддери айдоочусу жок болсо да, жаңы «Siemens» жана «Deutsche Bahn» поезддери кадимки поезддер менен бирге иштеп жаткан темир жол инфраструктурасында коопсуз жүрө ала турган биринчи автоматташтырылган поезд болуп саналат.
«Автоматташтырылган темир жол операцияларын колдонуу менен биз жүргүнчүлөрүбүзгө бир чакырым жаңы трассаны салбастан, кыйла кеңейген, ишенимдүү, демек, жакшыраак кызмат көрсөтө алабыз», — дейт «Deutsche Bahn’тын» башкы директору Ричард Лутц.
Белгилей кетсек, «Siemens» жаңы поездди жасалма интеллекттин жардамы менен жүргүзөрү айтылган.